• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Манас-Ата” кафесиндеги окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт — Ош мэриясы

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ош шаарындагы “Манас-Ата” кафесиндеги окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, “Манас-Ата” кафесинде болгон окуя боюнча укук коргоо органдарына, санэпид кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган кызматтар мыйзамдар чегинде бардык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Ал эми 1-июлдан тарта Ош шаарынын санэпидкызматы пландалган иш-чараларга ылайык, коомдук тамактануу жайларын текшерүүнү баштайт.

Мындан тышкары, Ош шаардык милициясы аталган окуя боюнча “Манас-Ата” кафесинин жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, “Манас-Ата” кафесинин администратору менен жарандар тарабынан түшкөн арыздардын негизинде текшерүүгө келген журналисттин ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Буга чейин ушул эле кафенин администратору дагы бир чырга катышкан. Анда кафе мыйзамсыз түрдө унаа токтотуучу жайды тосуп, коноктор үчүн гана кылып койгон.

Пикир

Оставить комментарий