• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атайын комиссия “Манас-Ата” кафесин ар тараптуу текшере баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык “Манас-Ата” кафеси комиссия тарабынан текшериле баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген комиссиянын курамына Санэпид, “Ош электро”, “Тазалык”, “Ошсууканал”, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирди.

Комиссия бардык жагдайларды иликтеп бүткөнгө чейин тамактануучу жай жабылды. Суусу жана электр энергиясы өчүрүлүп, Тазалык ишканасы да келишимди токтотту.

Ошондой эле жайгашкан жеринин мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Комиссиянын иликтөөсүнөн соң кафенин ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий