• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Манас-Ата" кафесинин кожоюну кечирим сурап, администратор иштен алынды

Коом 0


Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына "Манас-Ата" кафесинин ээси чакыртылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалым болгондой, "Манас-Ата" кафесиндеги окуя боюнча милиция кызматкерлери аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери бул тууралуу маалыматтар интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн.

"Окуяны текшерүүнүн алкагында кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жаржамчысы Ориф Аширалиев тергөө кызматына алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмө беришти.

Милициядан билдиргендей, ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.

Эскерте кетсек, “Манас-Ата” кафесинин администратору менен жарандар тарабынан түшкөн арыздардын негизинде текшерүүгө келген журналисттин ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Буга чейин ушул эле кафенин администратору дагы бир чырга катышкан. Анда кафе мыйзамсыз түрдө унаа токтотуучу жайды тосуп, коноктор үчүн гана кылып койгон.

Пикир

Оставить комментарий