• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Манас» бажысынын кызматкерлери товарды убактылуу киргизүү бажы жол-жобосун бузууну аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. «Манас» бажысынын кызматкерлери товарды убактылуу киргизүү бажы жол-жобосун бузуу фактысын аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, “Убактылуу киргизүү” бажы жол-жобосунун мөөнөттөрүн бузуу фактысы товар - Wi-Fi роутер “Тенда F300» - 2098 даана санында табылган. Товар “С.К.Д. ЖЧКнын дарегине келип түшкөн, анын жалпы суммасы 29 372 АКШ долларын түздү.

Жүргузүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн алдын ала суммасы 305 110 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалдыматты эсепке алуу журналында катталган.

Пикир

Оставить комментарий