• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Манас” эл аралык аэропорту 2017-жылдын 4 айында 1 млн ашык жүргүнчүнү тейлеген

Коом 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы үстүбүздөгү жылдын 4 айында 1 млн 42 миң 320 жүргүнчүнү тейлеген. Алардын ичинен ички аивкаттамдар боюнча – 405 105 адам, ал эми 637 215 адам эл аралык каттамдар боюнча.

Аэропорттун басма сөз кызматы белгилегендей, бул мезгилде 9524 каттам тейленген. Эл аралык багыттар боюнча – 6120, ал эми ички каттамдардын саны 3404дү түзгөн.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын филиалдары:

• “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын Бишкек филиалы 6287 каттам, 611 221 жүргүнчүнү тейлеген.

• Ош филиалы 3229 каттам, 431 75 жүргүнчү тейлеген.

• Ысык-Көл филиалы 8 каттам, 24 адам.

Пикир

Оставить комментарий