• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 6 айда 2,2 млн жүргүнчүнү тейлеген

Коом 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 42,3%га көбөйгөн. 1 млн 509 миң 239 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 711 миң 751и ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

Жарым жыл ичинде 19 миң 22 каттам ишке ашырылды – бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 37,4%га көбүрөөк. Авиакаттамдардын 13 миң 89у – эл аралык, ал эми 5 миң 933ү – ички каттамдар.

Аэропорттор боюнча статистика:

«Манас» эл аралык аэропорту 11 миң 529 каттамды тейледи. Алардын ичинен 8 миң 520 – эл аралык, 3 миң 9 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 184 миң 294 кишини түздү: 826 миң 212 – эл аралык, 358 миң 82 – ички каттамдар боюнча.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 190 каттамды тейледи: 157 эл аралык жана 33 ички. Жүргүнчүлөр агымы 18 миң 383 кишини түздү. Алардын 18 миң 335и – эл аралык, ал эми 48и – ички багыттардан.

«МЭА» ААКтын Оштогу филиалы 7 миң 303 авиакаттамды тейледи. Алардын ичинен 4 миң 412 – эл аралык, 2 миң 891 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 18 миң 313 кишини түздү. 664 миң 692 жүргүнчү эл аралык багыттарга, 353 миң 621 ички каттамдарга туура келет.

Пикир

Оставить комментарий