• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Манас” эл аралык аэропорту азырынча сатылбайт, башка ыкмалар менен анын ишмердүүлүгү жакшыртылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган “Өкмөттүк күн” өтүп жатат. Иш-чарага КР вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушу тапта мамлекеттик мүлктү башкаруу усулун жакшыртуу максатында, бир катар алгылыктуу чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттин карамагында «Альфа Телеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Кыргызнефтегаз», «Айыл банк», «РСК банк» сындуу ири компаниялар бар.

«Мамлекет 59 акционердик коомдун мүчөсү болуп саналат. 2017-жылдын 30-ноябрына карата алардан 2 млрд 176 млн сом көлөмүндө дивиденд түшкөн. Ал эми жыл аягына чейин бюджетке 3 млрд 300 млн сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү болжолдонууда», - дейт вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.

Суроо-жооп маалында мамлекеттик мүлктөрдү кантип натыйжалуу башкаруу жолдорунун тегерегинде сөз жүрдү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев иши рентабелдүү болбогон мамлекеттик ишканалардын укуктук статусун чечүү боюнча сунуштарды берерин белгиледи. Депутат Улукбек Ормонов “Дастан” акционердик коомунун качан сатылаарына кызыгып, бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бул стратегиялык обьектинин менчиктештирүүгө болбостугу боюнча келген каттан улам менчиктештирүү процесси убактылуу токтотулгандыгы боюнча жооп алды.

Депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик ишканаларга берилген ссудалардын натыйжалуу пайдаланылышы тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү талап кылды. Депутат Алиярбек Абжалиевдин суроосуна жооп берип жатып Д.Зилалиев мамлекеттик ишканалар иштебесе аларды жоюу керектигин, каражат жумшап, аларды кармап туруунун кажети жоктугун билдирди.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө Ысык-Көл районундагы “Алтын балалык” реабилитациялык борбору боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыгы белгилүү болду. Эл арасында сөз болуп жаткан “Манас” эл аралык аэропорту сатылат деген маалымат туура эместиги, башка ыкмалар менен анын ишмердүүлүгүн арттыруу боюнча пландар түзүлүп жаткандыгы айтылды.

Суроо-жооп уланууда.

Пикир

Оставить комментарий