• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды. Анын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Ачылышта Боронов сөз сүйлөп, "Манас" эл аралык аэропортунда акыркы он жыл аралыгында каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөнүн айтып өттү. Ал белгилегендей, 2009-жылдары 600 миң жүргүнчү болсо, 2018-жылы жүргүнчүлөрдүн агымы 2 млн 84 миңден ашкан. Башкача айтканда, 3 эсе көбөйгөн.

"Манас" эл аралык аэропорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев билдиргендей, эл аралык учуулар зонасын кеңейтүү иши аэропорттун өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

"Аэропорттун стерилдик аймагын кеңейтүү долбоору 2 жылда аткарылды. Анын аянты 1 миң 357 чарчы метрге кеңейтилди. Анда баардык керектүү жабдыктар, эне-бала бөлмөсү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттары бар даараткана бар. Бул аэропорттун авиабекет комплексин реконструкция долбоорунун биринчи баскычы", - деди ал.

Жаңы стерилдик зонанын ачылышы менен аэропорттун эл аралык учуу зонасынын аянты 3 миң 900 чарчы метрге жеткен.

"Манас" аэропортунун директорунун орун басары Бакытбек Бекбача уулунун айтымында, жаңы стерилдик зонаны кеңейтүү долбоорун ишке ашырууга 19 млн сом сарпталган.

"Долбоордун баасы 29 млн сом болчу. Жумуштун баарын өз күчүбүз менен жасап, ишти 19 млн сом менен бүтүрдүк", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий