• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир жумада 47 млн адам “Манас” эпосу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бир жумада 47 млн адам “Манас” эпосу менен таанышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков билдирди.

Белгилей кетсек, манасчы Рысбай Исаков 124 саат тынбай манас айтуу менен Гиннесс рекорддор китебине кирген. “Манас жумалыгы” иш-чарасы Түркиянын Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өткөн алкагында өткөн.

Манасчынын айтымында, иш-чарага катышуунун максаты “Манас” эпосун жайылтуу болуп саналат.

“Ошентип, ТҮРКСОЙ түрк маданий уюмунун маалыматына караганда манас айтуу менен Гиннесс китебине кирүү тууралуу маалыматты бир жумада 47 млн адам окуган”, - деди ал.

"Манас" улуттук театрынын директору Азиз Биймурза уулунун айтымында, бул рекордду буга чейин эки адам койгон. "Эң акыркысы болуп 113 саат 15 мүнөт тынымсыз китеп окуу менен непалдык жаран рекорд койгон. Бирок, биздин манасчыбыз аны дээрлик 11 саатка ашып өтүү менен рекордду жаңылады", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий