• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 19-декабрында Бишкекте манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дисктердин кезектеги чыгарылышы КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен жарык көрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова манасчыларга каалоо тилектерин айтуу менен бирге манасчылар Талантаалы Бакчиев жана дисктери чыккан Камиль Мамадалиевге 2017-жылы чыгарылган дисктерин белек катары тапшырды. Ошону менен бирге Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын 50 жылдыгынын урматынакитепкананын кызматкерлери Анара Шаршенбиева, Софа Рафикова Премьер-министрдин энчилүү сааты, Жаңыл Бердикулова, Зоя Сахатаева Өкмөттүн ыраазычылык каттары менен сыйланды. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги, КРда интеллектуалдык менчикти коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директору Айнура Кенжебаевага Кыргызпатенттин символикасы менен кол саат эстелик белеги тапшырылды.

Вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап, Кыргызпатентке ийгилик каалоо менен бирге мындан ары да “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча иш чараларды жана манасчылар менен кызматташууну улантып, ушуну менен токтоп калбастан бирдикте мындан да мыкты кинотасмаларды жаратып, бул жааттагы маселелер Улуттук программанын алкагында көп жылдарга узартуунун зарылдыгын белгилеп кетти.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент, “Саякбай манасчы” эл аралык коомунун президенти Талантаалы Бакчиев вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага жана өкмөткө терең ыраазычылык билдирди. “Кыргыз элинин, КР Өкмөтүнүн алдында дагы, бийлигинин алдында дагы ишин так аткарып, мына 6 жылдын ичинде 6 манасчынын CD жана DVD дисктерин чыгаруу бул илгери 30-40 жылда бир грам-пластинка чыгарганга тете болуп турат, ошон үчүн мен чын жүрөктөн жалпы манасчылардын атынан, “Саякбай манасчы” эл аралык коомдун атынан Кыргызпатенттин жетекчилигине жана жалпы жамаатына, режисерлорго терең ыраазычылык билдирем, ишиңер илгерилей берсин, силер элдик ишти аткардыңар, бул тарыхта кала турган эмгек, ырахмат силерге!”, - деди ал өз сөзүндө.

Бет ачар аземине КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов, КР Өкмөтүнүн Аппараттынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев жана Улуттук илимдер акдемиясынын, Кыргыз Улуттук консерваториясынын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, режиссёрлор, манасчылар, жогорку окуу жайлардын студенттери, Кыргызпатенттин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Маалымдама:

“Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017–жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №67-токтомунда каралган иш-чаралардын 12-пунктун ишке ашыруу максатында Кыргызпатент чыгарды.

Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатент тарабынан 2012-жылы - Талантаалы Бакчиевдин айтуусундагы, 2013-жылы Рысбай Исаковдун айтуусундагы, 2014-жылы Замирбек Баялиновдун айтуусундагы, 2015-жылы Дөөлөт Сыдыковдун айтуусундагы, 2016-жылы Самат Көчөрбаевдин айтуусундагы дисктер чыгарылган. Быйыл жети күн, жети түн тынбаган Манас айтуу долбоорунун жеңүүчүсү манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусундагы дисктер тартылып чыгарылды. Даяр болгон дисктердин тыш кабыгына пайдалануу үчүн сүрөтчү О. Байгожоевдин сүрөттөрү сүрөтчүнүн уруксаты менен колдонулган. Быйылкы тасманы тарткан режиссер Б. Айдаралиев Кыргызфильм киностудиясынын эң мыкты режиссеру десек жаңылышпайбыз.

Беш жыл бою тартылып келген CD жана DVD-дисктер Бишкек шаарынын КТРКнын павильондорунун биринде, Суусамыр жайлоосунда, Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда, Ысык-Көлдүн Тосор айылында тартылып чыгарылган.

Жыл сайын дисктер 3000 топтомдо (1 топтомдо 1 СD жана 1 DVD-диск) нускаланып бир манасчынын айтуусундагы дисктерге 500 миң сом бөлүнөт, алты жылдын ичинде Кыргызпатент тарабынан 3 млн сом сарпталган.

CD жана DVD дисктер КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилип, ал дисктер Өкмөт тарабынан өлкөнүн китепканаларына, окуу жайларга таратылып, “Манас” эпосунун баалуулугун, тарбиялык мааниси жагын биздин жаш муундарга таасирин калтыруу болуп саналат. Ошондой эле чет элден келген конокторго эстелик үчүн баалуу сыйлык катары берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий