• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Манас” эпосунун күнүн белгилөө 4-декабрь бойдон калды – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/.“Манас” эпосунун күнүн белгилөө 4-декабрь бойдон калды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Манасты” өнүктүрүү жана жайылтууга арналган жыйындын жыйынтыгында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, коомчулук жана бир нече манасчылар тарабынан сунушталган “Манас” эпосунун күнүн жылдыруу сунушун талкулоо бүгүн абдан жемиштүү жана узак болду. Жыйынга келген ар бир манасчы, изилдөөчү, мугалимдер жана манасчылар манас күнүн белгилөөнү жылдыруу боюнча өз оюн билдирип, жыйынтыгында мурункудай эле 4-декабрь күнү белгилөө чечими кабыл алынган.

“Эски датаны калтыруу чечими кабыл алынды. “Манас” эпосунун күнүнө арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлүп, ал эми 4-декабрь расмий түрдө “Манас” эпосунун күнү болуп эсептелет”, - дейт А.Жаманкулов.

Ал эми министр өзү датаны жылдырууну колдогондугун билдирди.

Андан тышкары Жаманкулов кошумчалагандай, бул жылы “Манас” эпосунун күнүн белгилөөгө арналган иш-чаралардын программасы иштелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий