• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Манас күнүнө" карата жаш манасчылардын кароо-сынагы өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. 4-декабрь, "Манас күнүнө" карата жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кароо-сынак министрлик тарабынан өткөрүлүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, жарыш эки багытта өтөт. Сынакка 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат. Кароо-сынак Бишкек шаарындагы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында өткөрүлүп, 2-декабрь күнү саат 09:00дө башталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Сынактын байгелери:

20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында:

- 1-орун 20 миң сом;

- 2-орун 10 миң сом;

- 3-орун 8 миң сом.

10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында:

- 1-орун планшет;

- 2-орун планшет;

- 3-орун планшет.

Дареги: "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы, Раззаков 8.1

Байланыш тел: +996701441461

Пикир

Оставить комментарий