• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Манас» күнүн утурлай маморгандарда «Манас таануу» лекцияларын окутуу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. «Манас» күнүн утурлай маморгандарда «Манас таануу» лекцияларын окутуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданият министри Нуржигит Кадырбеков манасчылар менен жыйын өткөргөн, анда «Манас» эпосуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору да талкууланды.

«Манас» эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо жана камкордукка алуу максатында «Манас күнүн» утурлай мамлекеттик органдарда «Манас таануу» лекциялары окулуп, эпостун чечмелениши жана учурдагы кырдаалга ылайык, «Манас» эпосунун орду тууралуу түшүндүрүү иш–чарасы уюштуруп өткөрүү пландалып жатат.

Иш-чаранын башкы каарманы Кыргызстандагы белгилүү манасчылар болуп, бекитилген графикке ылайык ишке ашат.

Баатырлык эпопея болгон чыгарма, генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн айтып берет. Андыктан, аталган иш-чара мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда өтүүсү, элди бүтүндүккө, ынтымакка жана туруктуулукка чакырып, басып өткөн тарыхыбызды даңазалап аны түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү болгондой, 4-декабрь күнү Кыргызстанда «Манас эпосунун күнү» майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле өлкө парламенттин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий