• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

“Манас” КТУдагы “Карьера күнүндө” 40 ашуун ири компания катышууда

Коом 0


Бишкек, 13-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде “Карьера күнү” өткөрүлүп, Кыргызстандын 40тан ашуун ири компаниялары студенттерге бош орундарды сунушташууда.

“Манас” КТУнун ректору Себахаттин Балжынын айтымында, “Карьера күнү” – бул ЖОЖдун студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө ишке орношууга аракеттешүүгө, ошондой эле, өнөктөш-иш берүүчүлөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга багытталган ири иш чарасы.

Ошондой эле, ректор бүгүн алардын иш чарасына туризм, айыл чарбасы , ЖМК жана башка тармактардан 40тан ашуун ири ишкана катышып жатканын билдирди. “Биздин студенттер сапаттуу билим берүүнүн, заманбап талаптарга жооп берген билимдеринин натыйжасында эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандашып жатышат. Бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштешет”, - деди ал.

Коммуникация факультетинин 4-курсунун студенти Бегимай Алтыбаева белгилегендей, бүгүнкү жарманке ар бир студент үчүн абдан маанилүү окуя. “Бүтүрүүчүлөр гана эмес, 1-2-курстардын студенттери да буга кызыкдар. Анткени, кандай компаниялар бар экендигин билип, алардан тажрыйбадан өтүшүп, кыялындагы ишин таба алышат”, - деди ал.

Өз кезегинде компаниялардын өкүлдөрү алар бул ЖОЖду тандагандарынын себеби, мында келечектеги жогорку квалификациялуу адистерди табууга болорун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий