• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Манас” операсы: Кыргызстанга Кытайдын Борбордук опера театрынын чыгармачылык тобу келди

Маданият 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын чыгармачылык тобу келди. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Борбордук опера театрынын 100дөн ашык чыгармачылык тобу кечээ күнү учуп келген. Алар 11- 12-июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Манас” операсын коюшмакчы. Келген чыгармачылык топтун арасында Манастын, Каныкейдин, Семетейдин жана Айчүрөктүн жана башка каармандардын образын жараткан актер жана актрисалар бар. Аларды аба майдандан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыздын улуттук кийимдерин кийген кыздар боорсок жана сары май менен тосуп алган.

Ал эми, буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келип, учурда театрда операны коюу үчүн декорацияларды орнотуу, жарык берүү жана уюштуруу иштери жүрүүдө.

Манастын образын жараткан актер Юй Цзинжин Манастын образын жаратуу, Кыргызстандын сахнасында аны көрсөтүү ал үчүн чоң жоопкерчилик экенин айткан.

"Манастын образын жаратуу, Кыргызстандын сахнасында аны көрсөтүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Мен бул үчүн Кыргызстандын тарыхын окуп, толук маалымат алдым. Абдан толкунданып турам, Кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдында, Манастын жеринде болуу мен үчүн чоң сыймык", - деген.

Эске салсак, “Манас” эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

“Манас” операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган. Сценарийдин автору – Кытайдагы биринчи даражадагы сценаристи Ван Сяолин.

Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, “Манас” эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышкандыгы белгилүү.

“Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын алкагында да “Манас” операсы көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий