• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манас Ордо" комплексинде бир күн бою манас айтуу башталды

Маданият 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бүгүн, 4-декабрда Манас күнү салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ага вице-премьер Элвира Сурабалдиева, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Иш - чара "Семетейдин Таласка кайтып келиши" театрлаштырылган программа менен башталып, манасчылардын манас айтуусу менен уланууда. Манас айтуу бир суткага уланып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө аяктайт.

Учурда иш чаранын жүрүшү КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз көрсөтүлүүдө.

Манас күнүнө карата өтүп жатат иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен өтүп жатат. Келечекте мындай иш чараны башка аймактарда да өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий