• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас-Ордо" комплексинде бир күн бою Манас айтылат

Маданият 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде иш-чара өткөрүп, анда бир сутка бою Манас айтылат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт.

Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат.

"Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, иш-чаранын ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий