• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Манас районунда мал уурулугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Манас районунда мал уурулугун алдын алуу боюнча жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Манас районунда РИИБнин начальниги Айбек Акматов Покровка, Май айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар менен таанышып, жолугушуу өткөрдү.

Аймактарга мүнөздүү болгон малдарды уурдатуу, малдарды жайытка бош таштабоо жана эрте никеге туруу боюнча түшүндүрмө берди.

"Манас району коңшу Казакстан менен чектеш болгондуктан көп улуттуу аймак. Алардын арасында ынтымакты, коомдук тартипти бекемдөө максатында бир катар кеңештер жана эскертүүлөр берилди. Район тургундары милициянын ишмердүүлүгү тууралуу каалоо-тилектери менен кошо сунуштарын да келтиришти", - деп айтылат маалыматта.

“Милициянын кызматы элдин тынчтыгы үчүн. Жарандар өз укуктарынан башка милдеттерин да сезе билип, балдарына, мүлктөрүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылса милициянын түйшүгүн жеңилдетет. Кандай гана арыз жана билдирүү болбосун ошо замат чара көрүүгө, укуктук жардам берүүгө даярбыз”, - деген Акматов.

Андан тышкары, чек арага жакын жайгашкан аймактык милиция бөлүмчөсүнүн абалы менен таанышып, ал жердин абалын жакшыртуу максатында милиция кызматкерлерине тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий