• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Манас районунда ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Манас районунда ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жаран аныкталды. Бул тууралуу талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнө мыйзамсыз аракеттер боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтардын негизинде 16-март күнү Манас районунун Бала-Саруу айылынын тургуну 1963-жылы туулган О. С.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө сарайынын ичинен мыйзамсыз сакталып жүргөн 16-калибрдеги “ИЖ-18м”, 12-калибрдеги ТОЗ-8 курал-жарактар табылып алынган. Мындан тышкары, 12-16-мм бош гильзалар, 5,45-мм 3 даана ок, 7,62-мм 7 даана ок, 12-16-мм 17 даана ок жана белгисиз курал-жарактын магазини табылган.

Иликтөө учурунда ок атуучу куралдарды көп жылдан бери мыйзамсыз сактап, өз алдынча мергенчиликке чыгып аларды колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тиешелүү экпертизалар дайындалды. Бүгүнкү күндө жогорудагы жаран тергөөгө камсыздалып, тергөө жана иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий