• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Манас районунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.01.21 /Кабар/. Талас облусунун Манас районундагы Чеч-Дөбө айылындагы “Бабур ” атындагы мечит жараксыз абалга келгендиктен, анын ордуна жаңы заманбап мечит курулуп, анын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечит «Ассанабил» коомдук фонду тарабынан салынган.

Мечиттин ачылыш аземинде Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев демөөрчүлүк кылган фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий