• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Манас районунда 50 үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Талас облусундагы Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондогу 4 айылда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы баш имам-хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган. Анын алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүктөр таратылып берилди.

«Кымбатчылык мезгилде колу ачык азаматтарыбыз көп болсун. Бул үй-бүлөлөр үчүн жакшы жардам болду. Бардыгы ыраазычылыктарын билдирип, абдан сүйүнүп жатышат. Кайрымдуулук иш-чараларды улантабыз», - деди баш имам-хатиби.

Пикир

Оставить комментарий