• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Манас” университетинде өлкөнүн ЖОЖдорунда кыргыз тилин окутуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. “Манас” университетинде өлкөнүн ЖОЖдорунда кыргыз тилин окутуу маселеси талкууланды, деп билдиришти Билим берүү жана илим министрлигинен.

“Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тил катары кыргыз тилин окутуу маселелери” аттуу тегерек үстөлдө КРнын Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын жана республиканын университеттеринин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары белгилешкендей, кыргыз тилин окутуу өлкөнүн маданий өнүгүүсүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Ошондой эле, катышуучулар окуу пландары жана иш программалар, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө бөлүнгөн окуу куралдары тууралуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий