• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мекемеси түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2019-жылдын 31-январындагы №18 «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Чечимге ылайык, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин Уставы бекитилген. Ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга жаңы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилген.

Белгилей кетсек, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр:

- «Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган руханий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

-«Манас» эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү; «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган руханий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу; илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу; эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу; аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий