• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Манасчы Орозбаковдун сүрөтүн степлер менен тарткан студент: Планда Тыныстанов менен Чокморов

ТАГДЫР 0

Сүрөт тартуунун ар кыл каражаттары, ыкмалары бар. Биз баарыбыз көнгөн боектон башка мык-жип, чач менен тартылган сүрөттөрдү көргөнбүз. Бирок степлердин жардамы менен тартылган сүрөттү көргөндөр аз болсо керек. И. Арабаев университетинин Манас таануу институтунун экинчи курсунун студенти, 20 жаштагы Кудайберген Райымкулов ушундай жол менен алп манасчы Сагымбай Орозбаковдун портретин тарткан.

– Орозбаковдун сүрөтү тууралуу айтып берсең? Степлер менен тартылган сүрөттү көргөндөр аз болсо керек?

– Сүрөт тууралуу ой быйыл келди. Буга чейин башка материалдар - тиш пастасы, бут май менен сүрөт тартып жүрчүмүн. Сагымбай атабыздын 150 жылдыгына сүрөт тартмакмын. Бирок ал боёк менен жасалмак. Бир күнү степлер менен иштеп жатып, анын темиринин жарыкка чагылышы башкача көрүнүп, ушул ойго түрткү берди.

Башында эле Герцен тарткан сүрөт боюнча жасасам кандай болот деген ой келди. Биринчи степлердин темирин материалга кагып, ар кандай жарыктарды жанына алып келип күйгүзүп көрдүм. Ар башка жарыкка аябай кубулжуп, ар башкача өң берет экен. Ошонусу менен өзүмө жакты. Баркыт материалга тартууга туура келди. Биринчи кездемеге бор менен сүрөтүн түшүрүп алдык.

Башында аябай эле кыйын болду. Эки-үч күн темирин туура эмес кагып алып убара тарттым. Ошентип бир жуманын ичинде көнүп калдым. Сүрөттү жатаканада жасагам. Ал жактан Арабаевдин сүрөт факультетинде 4-курста окуган Кадырбек деген байкебизге көрсөтүп, сындатып турдум. Жумушум бир айга созулду.

Сүрөттү кичинекей тартсам болмок. Бирок Сагымбай Орозбаков алп манасчы болгондон кийин, өзү да Манасты көркөм, түбүнө жеткире аткара алгандыгын ойлоп чоң кылып жасадым. Кыргызда "өлгөндөр даңкталмайын, тирөөлөр баркталбайт" деп айтат эмеспи. Колубуздан келишинче сүрөттү мыкты тартууга аракет кылдык. Манасчынын 150 жылдыгына карата ар ким ар кандай салым кошуп жатты. Биз дагы салым болсун деп сүрөтүн тарттык.

– Сүрөттү тартууга канча каражат кетти? Ал каражатты өзүң чыгардыңбы?

– Каражатка атам жардам берди. Ага 6 миң сом кетти. Сүрөттүн ачылышы Арабаев университетинде Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган иш-чарада болуп өттү. Сүрөттү келишим түрдө институтка өткөрүп бердим. Себеби бул идея бул жакта окубасам чыгат беле, чыкпайт беле белгисиз?

Өзүм студент болгондуктан каражат жагынан кыйналып калат экенбиз. Буюрса бул жерде окуп кеткен байкебиз демөөрчү болуп берем деп жатат.

– Дагы кимдин сүрөтүн тартуу оюңда бар? Мисалы, башкалар саясаттагы адамдарды тартышат экен?

– Саясатка кызыкпагандыктан саясатчылардын сүрөтүн тартууга ашыккан жокмун. Бизди агайлар окутканда сүрөттүн эки баалуулугу болот деп айтып калчу. Биринчиси философиялык маанисине карап бааланат, экинчиси материалдык жагына карап, эмне менен кандай тартылганы бааланат деп айтышчу. Анын сыңары мурун эле манасчылардын сүрөтүн бир өзгөчөлүккө салып тартсам деген идея бар болчу.

Жусуп Мамай, Шаабай Азизов атабыздын жана башка улуу манасчылардын сүрөтүн тартууну ниеттенип жатам. Ошондой эле Касым Тыныстанов, Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн тартууну ойлонуштуруудамын. Жакын арада жумушумду баштасам алардын да портретин тартканга киришем.

Кыргыз үчүн эмгек кылган адамдар туулган күнү же өлгөн күнү, кандайдыр бир мааракеси болгондо элге айтылбаса көмүскөдө калып кетип жатат. Мен аларды күнүмдүк жашоодо да айтылып, баркталып жүрүүсүн калайм.

Маектешкен Нуржигит Бейшебаев

Пикир

Оставить комментарий