• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Манасчы” жана “Лунная соната” тасмалары “Auburn Film Festival” сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Режиссер Фарида Сейталиева менен Айжамал Болотованын “Манасчы” жана “Лунная соната” кыска метраждуу тасмалары “Auburn Film Festival” 20-эл аралык кинофестивалдын сынак программасына кирди. “Айтыш фильм”киностудиясынын колдоосу менен тартылган тасмалар катыша турган сынак 18- 22-сентябрда Австралиянын Сидней шаарында өтөт.

“Айтыш фильм” киностудиясынан кабарлашкандай, эки тасма бирдей категориядагы сынакка катышат. «Tadgell’s Bluebell Honour Award», категориясындагы сынакка Европа, Азия жана Американын 28 мамлекетинен келген тасмалар катышат.

Фестиваль кино тармагын жакшыртуу, жаштардын киного болгон кызыгуусун арттыруу жана коомдогу бардык маселелерди тасма аркылуу жеткирүү максатын көздөйт.

“Манасчы” даректүү тасмасында байыркы эпостун жаралышы, аны айтуучулардын пайда болушу сүрөттөлгөн. Манас айтуу кыргыздарда азыркыга чейин жашап келет.

“Лунная соната” тасмасында - Амина аттуу жаш кыздын жашоосу сүрөттөлгөн. Анда музыка мектебинде билим алган Амина ата-энесинин эки жолго түшкөнүнө, жактырган адамы андан баш тартканына карабай “Лунная соната” музыкалык чыгармасын туура аткарууга күч табат.

Пикир

Оставить комментарий