• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтөт. Сынактын жол-жобосу

Маданият 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Дүйнө элдеринин эпосторунун V Эл аралык фестивалынын алкагында манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак 27-28-июнь күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында болуп өтөт.

Сынактын жол-жобосу:

I. Жалпы жоболор

Чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таануусун бекемдөө, туруктуу коомдук чөйрөнүн болушун камсыздоо үчүн шарт түзүп берүү, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу азыркы учурдагы маданий коомчулуктун негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

«Өнөр алды – кызыл тил!» деп баалаган кызырлуу кыргыз журтчулугунда сөз өнөрү өтө урмат менен бааланып, аны өнөр тутунгандар эң бийик сыйга арзышкан. Улуу сөз өнөрүнүн башында кадимки манасчылык баштаган дастанчылык, акындык тургандыгы баарыга маалым. Айтуучулук жөн гана сөз өнөрү эмес, эң ириде улуттун улуттук педагогикасы.

Улуттук көлөмдүү жана кенже эпостордо элдин кылым кезген турмушу, каада-салты, дүйнө таанымы камтылып, ооз эки формасында сакталып келе берген.

Дүйнө элдеринин эпосторунун бешинчи фестивалынын алкагында эпос жана дастан айтуучулардын республикалык мелдеши уюштурулат.

II. Мелдештин негизги максаттары:

2.1. Манасчылыкты жана дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу;

2.2. Мыкты манасчыларды жана дастанчыларды, мелдештин жеңүүчүлөрүн үналгы, сыналгы, гезит-журналдар аркылуу жалпы журтчулукка тааныштыруу;

2.3. Айтуучулук өнөрлөрдү алып жүргөн жаш муундарды жана жаңы ысымдарды элге алып чыгуу

2.4. Улуу өнөрдү мындан ары да өнүктүрүү.

III. Cынактын уюштуруучусу:

3.1. Мелдештин башкы уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

3.2. Уюштуруучунун мелдешти өткөрүү боюнча милдеттери:

– Мелдеш тууралуу маалыматты жарыялайт;

– Мелдешке келип түшкөн “Билдирме-анкеталарды” кабыл алууну уюштурат;

– Мелдешти өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин чечет;

3.3. Уюштуруучунун укуктары:

– Методикалык жардам көрсөтүү жана мелдеш тууралуу маалыматты таркатуу боюнча өнөктөштөрдү тартат.

IV. Мелдештин жумушчу органы.

4.1. Мелдештин жумушчу органдары:

– Уюштуруу комитети;

– Калыстар тобу.

4.2. Уюштуруу комитетинин түзүмү башкы уюштуруучунун өкүлдөрүнөн жана тартылган эксперттерден түзүлөт;

4.3. Уюштуруу комитети:

– Мелдештин Уюштуруу комитетинин төрагасын шайлайт;

– Калыстар тобунун ишин камсыздайт;

4.4. Калыстар тобу:

– Мелдештин шарттарына жана талаптарына таянуу менен жеңүчүүлөрдү аныктайт;

– Мелдештин жеңүчүүлөрүн сыйлоо аземине катышат.

4.5. Калыстар курамы:

– Калыстар тобунун курамы ар кыл багыттагы, ар кыл курактагы 5 адамдан түзүлөт.

4.6. Калыстар менен талашып-тартышуу болбойт.

V. Мелдешке катышуунун шарттары

5.1. Манасчылар мелдешине калктын 5 жаштан 25 жашка чейинки өкүлдөрү катыша алат.
Дастанчылар мелдешине аталган өнөр жаңыдан жолго түшүп келе жаткандыктан катышуучулардын жаш мүмкүнчүлүгү чектелбейт.

5.2. Мелдештин жеңүүчүлөрү, калыстар тобу тарабынан аныкталат.

5.3. Мелдештин катышуучулары Уюштуруу тобуна “Билдирме-анкетасын” (Тиркеме №1) 2019-жылдын 26-июнуна чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (7-кабинет) дарегине тапшырышы зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт.

5.4. Мелдештин катышуучулары мелдешке катышууга жолдомо алгандыгы тууралуу уюштуруучулар тарабынан “Билдирме-анкетасында” көрсөтүлгөн телефон аркылуу маалымдалат;

5.5. Мелдеш 27-28-июнь күнү Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында өтөт;

5.6. Манасчылардын кароо сынагына каттоо 27-июнда саат 09:00дө жүргүзүлөт. 10:00дө сынак башталат. Ал эми дастанчылардын кароо сынагы 28-июнда саат 09:00дө каттоо, конкурс 10:00дө башталат.

5.7. Мелдешке катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.

VI. Мелдешти өткөрүү тартиби:

6.1. Манасчылар мелдеши 2 айлампа менен өтөт:

1 айлампа – манасчылар кезек кагазын кармоо менен 5-10 мүнөттүн тегерегинде билет тартуу аркалуу туш келген теманы айтуусу шарт. Эгер билеттери теманы билбесе эркин айтууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан калыстар тарабынан жактырылган 8 манасчы 2-айлампада ат салышууга жолдомо алат.

2 айлампа – манасчылар эпостогу окуянын өздөрү каалаган жеринен 15 минутадан кем эмес убакытта үзүндү аткарып берет. Сөзүнүн көркөмдүгүнө, окуянын ырааттуулугуна, музыкалдуулугуна, аткаруу чеберчилигине жараша калыстар тарабынан ар бир манасчыга татыктуу баа берилет.

6.2. Дастанчылар мелдеши 2 айлампа менен өтөт:

1 айлампа – дастанчылар кезек кагазын кармоо менен көлөмдүү ашыктык, арман ырлардан же залкарлардын терме, санат, насыят, казалдарынан 5-10 мүнөт аралыгында бирди жана бир дастан аткаруулары керек. 2-айлампага 8 дастанчы жолдомо алышат.

2-айлампада сөзсүз дастан же элдик поэмалардан мүмкүнчүлүгүнө жараша 15 мүнөткө чейинки аралыкта аткаруулары керек. Тең чыгып калган учурда кайрадан дагы бир дастандан айтып калуулары мүмкүн.

Дастанчыларды баалоодо негизги талап катары төмөндөгүлөр каралат: Комузду таза чертип үнгө коштой билүүсү, сөздүн көркөмдүүлүгү жана аткаруучунун тилинин тактыгы, аткаруучулук чеберчилиги, дастандын обонунун нукуралуулугу ж.б. Манасчылык жана дастанчылык боюнча катышып экинчи айлампага өткөн конкурсанттар, байгелүү жана кызыктыруучу акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Эскертүү: талаш-тартыш маселе жаралып калса, калыстар орун тактоо үчүн дагы бир айлампа өткөрүүгө укугу бар.

Манасчылар жана дастанчылар сынагынын жалпы байге фонду 400 000 миң сом (төрт жүз миң).

VII. Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо:

7.1. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар берилет.

7.2. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын 28-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Кеңири маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (219-кабинет), телефону: (0312) 66-26-47, 62-26-83. факс: (0312) 62-35-89, 62-59-44.

0709 45-00-03 (Манкеева Аида).

Пикир

Оставить комментарий