• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарына Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жети кишиден турган альпинисттер тобунда команданын капитаны Сергей Селивёрстов, долбоордун жетекчиси Кадыракун Нурмаматов, Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, ошондой эле Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов бар.

Манаслуну багынкан альпинисттерди эл аралык “Манас” аэропортунда тосуп алуу аземи өтүп, ага Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улан Эралиев жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, бул кыргызстандык альпинисттердин Гималайга болгон алгачкы экспедициясы. Команда Манаслу чокусунда Кыргызстандын желегин желбиретип, үч килограммдык "Манас" эпосун алып чыгышты.

Маалымат катары: Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет. Чокунун бийиктиги 8163 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий