• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манчестер Юнайтед" клубу Погбаны эң аз дегенде 180 миллион еврого берет

Спорт 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу жарым коргоочу Поль Погбаны 180 миллион евродон аз акчага башка клубга бербейт. Бул тууралуу Р-спорт Marca басылмасына таянып жазып чыкты.

Погба кызылдарга "Ювентус" клубунан 2016-жылы жай айында келген. Ал учурда французга төлөнгөн акча эң кымбат болгон. Тактап айтканда, 105 миллион еврону түзгөн.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, 26 жаштагы жарым коргоочу "Реал" клубуна өтүш үчүн өзүн сатыкка коюну суранган. Бирок, кызылдардын жетекчилери Погба менен коштошууну каалашпайт. МЮнун башкы машыктыруучусу Уле-Гуннар Сульшер, французду команданын негизги оюнчусу катары сыпаттап, аз дегенде 180 миллион еврого башка клубка берээрин айтат.

Погбанын МЮ менен болгон келишими 2021-жылдын 30-июнуна чейин каралган. Мурунку сезондо француз 47 оюнда 16 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий