• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манчестер Юнайтед" ПСЖны жеңип, Чемпиондор лигасынын 1/4 финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек. 07.03.19 /Кабар/. Кечээ футбол боюнча УЕФА чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын жооптук беттеши болду.

Англиялык "Манчестер Юнайтед" Парижде ПСЖ клубун 3:1 эсеби менен жеңип, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына чыкты. Биринчи оюнда "МЮ" өз талаасында 0:2 эсебинде утулуп калган болчу.

Ал эми португалиялык "Порту" италиялык "Рома" клубун өз талаасында 3:1 эсеби менен жеңип алды. Биринчи оюнда "Рома" 2:1 эсебинде жеңишке жеткен эле.

Эске салсак, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына англиялык "Тоттенхэм" менен Нидерланддык "Аякс" чыккан.

Пикир

Оставить комментарий