• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Манчестер Сити” командасы “Ливерпуль” клубун 4:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Футбол боюнча Англиянын чемпионатынын 32-турунда “Манчестер Сити” менен “Ливерпуль” командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Интерфакс сайты жазып чыкты.

Оюн 4:0 эсебинде “Манчестер Сити” командасынын жеңиши менен аяктады. Беттештин 25-мүнөтүндө Кевин Де Брейн эсепти ачты. Ошондой эле “Манчестер Ситинин” оюнчулары Рахим Стерлинг, Филип Фоден гол киргизди. Ал эми оюндун 66-мүнөтүндө “Ливерпулдун” оюнчусу Алекс Окслейд-Чемберлен өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.

Эскерте кетсек, “Ливерпуль” командасы чемпионаттын аякташына 7 оюн калганда эле Англиянын чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий