• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Манчестер Сити" командасы "Реалды" 2:1 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Реал" өзүнүн талаасында "Манчестер Сити" командасын кабыл алды.

Чемпионаттагы эки күчтүү команданын оюну 2:1 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады. "МС" клубунун оюнчулары Габриэль Жезус жана Кевин Де Брейне "Реалдын" дарбазасына гол киргизишти. Ал эми испаниялык клубдун жарым коргоочусу Иско өзүнүн командасына жалгыз голду алып келди.

Белгилей кетсек, беттеште "Реалдын" капитаны, коргоочусу Серхио Рамос кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди.

Эки команданын жооптук беттеши 18-мартта Бишкек убактысы менен саат 02:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий