• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мандарин кабыгынын пайдалуу касиеттерин билчү белеңиз?

Дүр дүйнө 0

Мандарин – жыты укмуш, аны жаңы бузулуп кете элек кезинде жер-жемиш ширелерин жана компотторду жасоодо пайдаланышат.

Андан тышкары анын сырткы кабыгы да абдан пайдалуу болуп саналат. Көпчүлүк адам мандириндин кабыгын таштап салат, бул болсо мандариндин кабыгынын дарылык касиети бар экендигин билбегендиктен.

Мандариндин кабыгында витаминдин түрү көп жана да адамга пайдалуу жагымдуу жыты бар май заты бар. Ал адамдын деп алуу органын жакшыртат, ашказандын иштешин да иглерилетет, кандын басымын төмөндөтөт.

Мандариндин кабыгын тазалап жууп, майда кылып туурап, кургатып, чай катарында демдеп ичсе, анда адамдын тамак-ашка болгон табити ачылат.

Мандариндин кургатылган кабыгын аракка 2-3 минут кошуп койсо арактын ачуу даамын жок кылат. Күрүчтүн суусуна кайнатаардын алдында бир нече бөлүгүн салса, даяр болгон тамак даамдуу болот.

Пикир

Оставить комментарий