• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марадонанын жеке дарыгеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Аргентина прокуратурасы өткөн жумада каза болгон футбол жылдызы Диего Марадонанын жеке дарыгери Леопольдо Лукенин Буэнос-Айрестеги үйү менен жеке клиникасында тинтүү жүргүзгөнүн билдирди.

Прокуратура атактуу футболчу жеке дарыгеринин шалаакылыгынан улам көз жумган болушу мүмкүн деп шек саноодо. Тергөө иштери Марадонанын кыздары Лукенин аракеттеринен күмөн санап жатышканын билдиргенден кийин башталган.

Прокуратура акыркы күндөрү Марадонага талаптагыдай медициналык жардам көрсөтүлгөн-көрсөлбөгөнүнө, жеке дарыгери футболчунун үйүнө канчалык тез-тез келип турганына жана анын сунушу менен кандай дарыларды ичкенине кызыгууда. Өз кезегинде Луке Марадонага бардык зарыл болгон жардамдарды бергенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий