• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марал, аркар жана кескелдирик. Нарындагы мамлекеттик коруктан тартылган сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда корукка алынган аймактарда жапайы жаныбарлардын көбөйгөндүгү байкалууда. Буга Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында орнотулган фотокапканга тартылып алынган сүрөттөр күбө боло алат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын жаратылыш коругунун аймагындагы жапайы жаныбарлардын санын аныктоо максатында 2019-жылдын башынан бери 10 фотокапкан орнотулган. Аталган фотокапкандар ак илбирс, аркар, кескелдирик, жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү тартып алган.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы бүгүнкү күндө 105519 га түзөт. Корукта «Кызыл китепке» кирген төмөнкү сүт эмүүчүлөр бар: илбирс, мадыл, сүлөөсүн, күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар.

Пикир

Оставить комментарий