• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марат Иманкулов ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Минск шаарында Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУ жоопкерчилигиндеги чакырыктар жана коркунучтар жана аларды жоюу боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болуп, ошондой эле уюмдун алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жүрүшү талкууланды.

Марат Иманкулов өз сөзүндө ЖККУнун ыйгарым укуктуу түзүмдөрү уюмга мүчө мамлекеттердеги коопсуздук жана туруктуулук кырдаалына Афганистандагы кырдаалдын таасирин талдоо жана ага көңүл бурууну системалуу негизде улантуусу максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Жалпысынан алганда, бири-бирине тарыхый жана менталдык жактан жакын элдердин кызыкчылыктарын коргоонун бул аскердик-саясий инструментинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ЖККУнун потенциалын мындан ары да арттыруу зарыл экендиги белгиленген.

Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларын Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко кабыл алды.

Маалымат үчүн: Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитети улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн координациялоо маселелери боюнча ЖККУнун консультативдик жана аткаруучу органы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий