• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марат Казакпаев эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 14-апрелде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган саясат таануучу жана анын шериги Т.М. баш коргоо чарасын карады.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Марат Казакпаев 14-июнга чейин, ал эми Т.М. аттуу жаран 13-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Эске сала кетсек, УКМК 13-апрелде мамлекетке чыккынчылык кылган эки жаран кармалгандыгын кабарлап, алардын бирөө серепчи Марат Казакпаев экендигин ачыктаган.

Пикир

Оставить комментарий