• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марат Үсөналиев Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчылыгынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Марат Үсөналиев Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Үсөналиев ээлеген кызматынан кызматтык милдеттерин аткарбагандыгына байланыштуу ички иликтөө комиссиясынын корутундусунун негизинде бошотулган.

Белгилей кетсек, ал жогоруда аталган кызматты 2012-жылдын май айынан тарта аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий