• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Марат Тагаев жана Айнура Аскарова маданият министринин орун басарлары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Журналист Марат Тагаев жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалды. Маалыматты "Кабар" агенттигине министрликтен тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрдин жаңы дайындалган орун басарларын эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович башка ишке которулгандыгына байланыштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий