• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: 1-сентябрга карата социалдык объектилердин курулушу жыйынтыкталышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин видеоконференцбайланыш режиминде өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин журүшүндө 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды.

Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер Кабинетинин негизги максаты – тургундар үчүн татыктуу шарттарды түзүү.

«Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет: иш отчеттуулук үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керек. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин отчеторун уккан соң.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, калыбына келтирүү иштер планына ылайык, объектилердин курулушу 3 категорияга бөлүнгөн:

Турак-жайларды куруу. 136 турак үйдүн курулушу башталды, аларды пайдаланууга берүү бир нече баскычта жүргүзүлөт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсү үчүн 36 турак жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 6 сотыхтан ашык жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөрдүн курулушуна 5 гектар жер бөлүнүп берилген.

Экинчи этапта Лейлек районунун Максат айылында жана Баткен районунда жаңы үйлөрдү куруу иштери башталды.

Курулуп жаткан бардык турак-жайлар кабыл алынган ченемдерге жана стандарттарга ылайык келерин, ошондой эле байланыштын бардык түрлөрү менен жабдылаарын белгилей кетүү керек.

Социалдык объектилердин курулушу. 8 социалдык объектинин, анын ичинде 5 мектептин, 2 бала бакчанын жана 1 медициналык мекеменин курулушу башталды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 250 млн сом бөлүнгөн.

Аскердик багыттагы объектилердин курулушу. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча, аскердик багыттагы бардык объектилердин курулушун тездетүү зарыл.

Андан соң мамлекеттик комиссиянын отурумунун алкагында чек ара аймактарынын жабыркаган тургундарын күбөлүк документтери менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Маалыматка ылайык, 200дөн ашык өздүгүн тастыктаган документтер берилген, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Исфана шаарларындагы Калкты тейлөө борборлору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ак-Сай - Рават жол тилкелерин реабилитациялоо сыяктуу инфраструктуралык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол оңдоо ишканалары 44 чакырым жолду толугу менен тегиздеп, жол кыймылын камсыз кылган. Айрым участоктордо курулуш иштери 80% га бүткөрүлүп, калган участоктордо оңдоо иштери улантылууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, иштер жүрүүдө, бирок анын темпин ыкчамдатуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тоскоолдуктарга карабастан иштерди аткаруу боюнча так милдеттер коюлган. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде ырааттуулук жана тыкыр өз ара аракеттенүү болуусу керек. Биздин ишибиздин акыркы натыйжасы координациянын канчалык натыйлуу уюшулгандыгынан көз каранды болот», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилесек, Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен областынын чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий