• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов: Айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.21./Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолундагы суу каптоо маселесинин чечилишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, аталган маселенин чечилиши Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланыштуу.

Адистер тарабынан аныкталгандай, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбейт, бул көйгөй 2014-жылдан бери карай чечилбей келет.

Премьер-министр белгилегендей, аталган маселени жергиликтүү бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чечүү зарыл.

Буга байланыштуу өкмөт башчы кыска мөөнөттө аталган көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү инженердик чечим жана сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

«Шаардыктарга жаан-чачындан кийн көчөдө пайда болгон көлчүктөрдү кечип өтүүгө туура келип жатса, кайсы ыңгайлуу шарттар тууралуу кеп кылууга болот. Мындай көйгөйлөр жеринде чечилиши кажет, айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда. Өз кызматтык милдеттерине кошкөңүл, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу тажрыйбасынан четтөөгө учур жетти. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусу кажет», - деп жыйынтыктады премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий