• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Марипов: Айзаданын өлүмү – бул чоң трагедия

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.21./Кабар/. Айзаданын өлүмү – бул чоң трагедия, ал көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү ачыктады. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңешмеде билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.

«Кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилик ар бирибизде жатат. Айрым милиция кызматкерлеринин ишке болгон шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенимине доо кетриүүдө. Жарандар өзүн коопсуз сезүүсү керек, бирок жаш кызды күндүз алып качып, өлтүрүүгө барып жатса, кайсы коопсуздукту сөз кылууга болот! Адам уурдоо – бул жазык кылмышы, анын салтка эч кандай тийиши жок. Мектеп программасына адам укугу тууралуу, аялдар жана балдарга карата зомбулукка жол берилбей тургандыгы тууралуу сабактарды киргизүү керек. Биз салтка жамынып, эже-карындаштарыбызды, энелерди жана балдарды өлтүрүп жаткандыгын унчукпай карап отура албайбыз», - деди премьер-министр.

Улукбек Марипов кыска мөөнөттө никеге тургузуу максатында кыздарды ала качуу үчүн кылмыш жазасын катаалдатуу тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.

«Мен Жазык кодексиндеги бул беренени толугу менен кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Адам уурдоо тууралуу берене бар, ал үчүн эркинен ажыратуу каралган. Жакын арада аталган кылмыш түрү үчүн жазаны катаалдатуу максатында жогорудагы берененин ченемин кайра карап чыгуу зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров аталган маселени жеке көзөмөлүнө алгандыгын кошумчалады.

«Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча ээлеген кызматынан жана өтөгөн эмгегинен көз карандысыз түрдө укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлери акыйкат жазасын алышат. Бул жалпыбыз үчүн чоң сабак болушу керек», - деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий