• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов: Акылбек Жапаровдун президент, эл койгон талаптарды аткарганга толук мүмкүнчүлүгү бар

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, кайрылуу жасады.

Марипов жаңы төраганын милдетин аткаруучу менен чогуу жемиштүү иштегенин жана ал тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи экенин айтат.

“Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жапаровдун ишине ийгилик каалайм, командасы менен бирге президент, эл койгон талаптарды так аткарганга толук мүмкүнчүлүк жана шартары бар”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын - президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал эми Улукбек Марипов ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий