• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: Алдыда узакка созулган калыбына келтирүү иштери турат, мамлекет тарабынан тийиштүү көмөк көрсөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Алдыда узакка созулган калыбына келтирүү иштери турат. Мамлекет жарандарга талкаланган мүлктү калыбына келтирүүдө бардык тийиштүү жардамды көрсөтөт. Бул туурасында Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө жабыркагандар менен жолугушууда билдиргендигин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

«Сиздердин эрдигиңиздер жана кайратыңыздарга таазим. Дарыгерлерибиз чек арадагы окуяларда жабыркаган ар бир жаранга өз учурунда жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтөт. Бардык тийиштүү дары-дармектер бар. Учурдагы негизги нерсе – ден-соолукту калыбына келтирип, күчкө толуу. Мамлекет ар тараптан жардам көрсөтөт. Бизде ал үчүн ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү»,- деди Улукбек Марипов.

Исфана шаарынын дарыгерлер борборуна 20 жабыркаган жаран кайрылган, анын 10у – туткундан бошотулган мекендештер. 7 бейтап алган жаракатынын оордугуна байланыштуу Бишкек шаарынын ооруканаларына жөнөтүлгөн. Калган 13 жаран Лейлек шаарында дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Өкмөт башчы ошондой эле Исфана шаарынын дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери менен маектешти.

«Адам сыркоолоп көмөккө муктаж болгондо биринчи кезекте сиздерге кайрылат. Медиктердин эмгеги узак убакыт бою татыктуу бааланган эмес. Азыр биз бул кемчиликти оңдоого аракеттер көрүлүүдө», - деп белгиледи премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий