• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марипов: Аудит жүргүзүү Эсеп палатасынын иштөө ыкмасын жана стилин өзгөртүүнү талап кылат

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Эсеп палатасынын иштөө ыкмасын жана стилин өзгөртүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун аудит органдарынын башчыларынын IV отурумунда Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, заманбап коомго тартип бузуу фактыларынын жөнөкөй констатациясы эмес, алардын келип чыгышынын себептеринин анализи керек.

“Албетте мындай жыйынтыкка жетүү үчүн биринчи кезекте жумушта аудиттин жогорку органдарынын эң мыкты дүйнөлүк практикага туура келген жаңы ыкмаларын мыйзам чегинде бекитүү керек. Биздин кызматташтыгыбыздын бүгүнкү форматы мамлекеттик аудиттин өнүгүшүнүн реалдуу аянтчасы болуп эсептелет. Кесиптештеримди алдыда ШКУнун алкагында аудит органдарынын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүп, бекемдөөгө чакырам”, - деди ал.

Ал азырынча эффективдүүлүк жана натыйжалуулук аудиттеринин бирдиктүү стандарттары тууралуу кеп козгоого убакыт келе электигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий