• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов: Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерди.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-141-чакырымдагы тилкесинде курулуш иштери жүрүүдө, аны менен катар 132,5-133-чакырымында асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө менен эски жол тилкесин тегиздөө жүргүзүлгөн.

Улукбек Марипов белгилегендей, жол оңдоо иштерин тездетүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол оңдоо иштери сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталышын көзөмөлгө алуусу тапшырылды. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-141-чакырымына чейин эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө жана 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттен каржыланат.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун абалы менен таанышты.

Бүгүнкү күндө аталган участоктогу жол оңдоо иштерин, анын ичинде жамап-түзөө иштерин жүргүзүүгө муктаж.

Министрлер кабинетинин башчысы аталган унаа жолунун стратегиялык маанисин эске алуу менен белгилегендей, оңдоо иштерин каржылоо маселеси чечилген.

Пикир

Оставить комментарий