• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов Бишкектеги заманбап Калкты тейлөө борборунун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Биздин милдет – калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы заманбап Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде билдирди.

«Жаңы Калкты тейлөө борборун ачуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу алкагында жүргүзүлдү. Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлгөн, - арыздарды кабыл алуудан тарта документтерди даярдоо жана аларды берүүгө чейин жарандарды документтештирүү процесси автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп, талап кылынган документтерди чогулта алат. Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылды, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалды», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги чаралар планына ылайык, сунушталып жаткан мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана «open space» форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган.

«Аталган борбордун ачылышы менен катар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында ушундай эле Калкты тейлөө борборлору, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында Унаа КТБ өз ишин баштады. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин дагы 9 Калкты тейлөө борбору ачылат. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аталган Калкты тейлөө борбору Бишкек шаарында алгачкылардан болуп жарандарды саат 9.00дөн кечки 22.00гө чейин кабыл алат», - деп билдирди премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, Калкты тейлөө борборунун 2-кабатында жакын арада Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган өз тейлөөсүн көрсөтөт. Андан соң Улукбек Марипов жаңы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып, анын кардарлары менен маектешти.

Маалымдама: Калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар менен жабдылып, ыңгайлуу жумушчу орундар, маалымдама зонасы менен камсыздалган, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары орнотулган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шарттар түзүлүп, эне жана бала бөлмөсү каралган, порталды толук кандуу пайдалануу мүмкүчүлүгү үчүн зарыл жабдуулар орнотулган өзүн-өзү тейлөө зонасы иштейт, анда 29 тейлөө түрү көрсөтүлөт. Шаардыктар жана шаардын меймандары мында мамлекеттик тейлөөнүн кеңири чөйрөсү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ала алат: баланын туулгандыгын, никеге тургандыгын каттоо, паспорт алууга, «балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга арыз жазуу.

Калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 1200 кв. м ашуун, күнүнө ал 1500 чейин адамды тейлей алат.

Жаңы Калкты тейлөө борбору «Эльдорадо» соода борборунун биринчи кабатында төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 381.

Пикир

Оставить комментарий