• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов: Биз дагы деле бирдиктүү экономикалык мейкиндик үчүн алгылыксыз болгон тоскоолдуктарга кабылуудабыз

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Жасалып жаткан кадамдарга карабастан биз дагы деле жалпы экономикалык мейкиндикте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин болуусуна жол берилгис тоскоолдуктарга туш болуудабыз. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекет башчылары ички рынокто тоскоолдуктарды жоюда Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айтышкан.

“Ушуга байланыштуу мен Комиссиянын көңүлүн анын функционалдык ролунун өзгөрүшүнө бургум келет. Тоскоолдуктарды аныктоодо жана аны четтетүүдөгү комиссиясынын ролунун төмөндөшүнө карата акыркы тенденция евразиялык интеграциянын пайдасына эмес. Ушул контекстте ЕАЭБ мейкиндигинде товарлар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркиндигин ишке ашыруу боюнча биримдиктин максаттарына жетүүгө үмүттөнөм”,-деди марипов.

Пикир

Оставить комментарий