• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Марипов: Бизнес менен өз ара пайдалуу мамиле түзүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бизнес менен өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT—компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ииш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты тарабынан ишкердүүлүктү колдоого алуу иретинде уюштурулган.

«Жалпыбызга белгилүү болгондой, ишкерлик тармак колдоого алынбаса, атамекендик экономиканы өнүктүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Өкмөт бизнести кошумча түрдө колдоого алуу чараларын кабыл алуу аркылуу экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Жакында Кыргыз Республикасынын президенти «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына кол койду, бул бизге ишенимдүү түрдө иш алып барууга жол ачат», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан корголушунун кепилдигин камсыздоо маселеси саналарын баса белгиледи.

«Ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоого адуунун, финансылык тутумду жакшыртуу жана кичи жана орто бизнести колдоого алуунун тутумдуу чараларын уюштуруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Каралып жатккан демилгелердин бардыгы учурдагы абалдын экономиканын конкреттүү тармагынын өнүгүүсүнө карай таасирине талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле бизнестин сунуштарына негизделүүдө», - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн отургузулган көчөттөр бизнес менен жаңы диалогдун башталышынын саамалыгы катары кабылданат.

«Бул күн биз үчүн мамлекеттин жана ишкерлик тармактын кызматташуусунун жаңы баскычынын символу болуп калат», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий