• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Марипови эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.

Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы 2019-жылдын соңунан тарта токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий