• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катуу чаралар көрүлөт. Марипов сугат суу маселеси чечилиши керектигин айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.21. /ККабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга байланыштуу жана ирригациялык объектилердин канааттандыраарлыксыз абалына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

«Орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдоого алуу иретинде атайы келдим. Мен сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам. Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана орун алып жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөт», - деди ал.

Андан соң Улукбек Марипов Панфилов районундагы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыкты, анда трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынат, бул иш аткарылса, 40-50 га жерди сугарууга шарт түзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы донордук уюмдар менен биргеликте тийиштүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу максатында Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий